Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Чүй облусуСокулук району 08.08.2019 13:56

Сокулуктун Военно-Антоновка айылында 90 гектар эгин талаанын орду күйүп кетти

Өрт. Иллюстрациялык сүрөт
Өрт. Иллюстрациялык сүрөт
// Turmush

Turmush -  Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында 90 гектардагы чабылган эгин талаанын орду күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта ӨКМден билдиришти.

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагында ачык аянтта 3 гектар куураган чөп жана 50 чарчы метр курулуш вагону өрттөнүп кетти.

Ысык-Ата районунун Милянфан айылында 4 гектар аянттагы куураган чөп күйдү.

Сокулук районунун Плодовое айылында 1 гектардагы куураган чөп жана 1 куб отун өрттөнгөн. Учурда бул кырсыктардын себептери такталууда.

Москва районунун Петровка айылында ачык аянтта 1 гектардагы чабылган эгин талаанын орду өрттөндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×