Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуНарын району 07.08.2019 09:51 На русском

Солтон-Сарыдагы абал: Чогулган эл өкмөт башчынын келишин суранышты (сүрөт)

Turmush -  Нарын районундагы Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишин токтотуу боюнча жергиликтүү тургундар менен өкмөттүн мүчөлөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бирок эки тарап бир пикирге келе алышкан жок. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 6-августта Солтон-Сары алтын кенине чогулган жергиликтүү тургундар менен биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, өкмөттүн облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов жана башка жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жолугушту. Анын алкагында тургундар Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан «Жонг Жи Майнинг (Zhong Ji Mining)» компаниясынын ишин токтотуу жана лицензиясын кайра кайтаруу талаптарын коюшту. Вице-премьер-министр К.Боронов алардын талаптары мыйзам чегинде караларын жана кытайлык компаниянын иши убактылуу токтотуларын айтты. Бирок жергиликтүү тургундар компаниянын алтын кендеги ишин биротоло токтотуп, техникалык жабдыктарды алып кетүүнү талап кылышты. Ошондой эле маселени жеринде чечүү үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин келишин суранышты. Чогулган эл кечке маал Солтон-Сары алтын кенинен төмөн тарапка түшүп кетишти.

Аймактык кабарчы Кара-Чий айылында 8 боз үй тигилгенин билдирди. Бүгүн, 7-август күнү премьер-министр келбесе жол тосула турганы айтылууда. Солтон-Сарыга баргандардын болжолдуу саны 800гө жетти. Алардын арасында Ысык-Көл облусунан дагы баргандар бар.

Буга чейин Turmush басылмасы Солтон-Сарыда жашоочулар менен жумушчулар бири-бирине таш ыргытышканын жазган.

-----------------------------------------------------------

«Баракелде» басылмасы кечээ, 6-августта саат 04:30 чамасында Нарын облустук бириктирилген ооруканасына кен иштеткен кытайлык компаниянын 20 жумушчусу түшкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазган.

Жумушчулар Солтон-Сары кенинде жергиликтүү жашоочулар менен болгон жаңжалда жабыркаган.

-----------------------------------------------------------

Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Нарын облусуна жөнөп кеткенин кечээ, 6-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген.

5-августта Солтон-Сары кенинде Нарын районунун тургундары чогулган. Ал жерге 300дөн ашык жергиликтүү тургун барганын аймактык кабарчы билдирген.

Жергиликтүү тургундар менен өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жолугушкан. Тургундар кытайлык компаниянын ишин токтотуп, бардык техникаларын кенден алып кетүүнү талап кылышууда. Чогулгандар комбинат жайгашкан аймакка жөө барышкан.

Саат 19:05

Жашоочулар техникалар жайгашкан аймакка барышкан. Алар техникаларды чыгаруу талабын коюшкан.

Окуя тууралуу:

2-августта Нарын районунун Солтон-Сары алтын кенинде иштеп жаткан кытайлык компаниянын жумушчулары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда уруш чыккан.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2-августта Нарын РИИБге кенди иштетип жаткан компаниянын ортомчусу «Синь Цзян» ишканасында иштеп жаткан кытайлык жарандар менен 2 чабандын ортосунда өз ара келишпестиктер болуп, урушуп кеткендиги боюнча билдирүү түшкөн. Аталган билдирүү боюнча Нарын РИИБдин ыкчам тергөө тобу териштирүү жүргүзгөн.

2-август күнү болжол менен саат 23:30 чамасында Нарын районуна караштуу Оттук айылынын 1986-жылы туулган тургундары А.К. менен Т.у.Ж. «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа менен Кара-Кужур жайлоосуна бара жатканда унаанын суусу ысып кеткен. Алар кенди иштеткен «Жонг Жи Майнинг» компаниясынын ортомчу ишканасы «Синь Цзян» фирмасы тарабынан ижарага алынган сарайга жардам алуу максатында киришкен. Бирок ал жакта отурган 20га жакын кытайлык жарандар менен өз ара түшүнбөстүктөрдөн улам уруш чыгып кеткен. Анын кесепетинен аталган 2 адам жана ал жерде кароолчу болуп иштеп жаткан Миң-Булак айылынын 1976-жылы туулган тургуну К.З. жаракат алышкан.

Жабыркаган кыргыз жарандары окуя боюнча арыз жазышып, мыйзамдуу чара көрүүнү өтүнүшкөн. Аталган окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×