Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусу, Талас 06.08.2019 14:42

Айыл турмушу: Таластык А.Турсуналиев аарылардын мыйзамдарын айтып берди (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 42 жаштагы тургуну Абакир Турсуналиев бал аары багып келет. Аймактагы кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Арал айылында төрөлгөн.

«Биздин айыл тоого жакын жайгашып, жаратылыш абдан кооз. Балким ошондон уламбы бул жерде бал берүүчү аарыларды көптөн бери багып келем. Бардыгынан мени кызыктырганы – аарылардын өз ара мыйзамдары. Мыйзамдары күчтүү болот. Булар байкоочу аарылар, шире чогултуучу аарылар, уядагы аарылар болуп 3 топко бөлүнөт. Байкоочу аарылар шире чогултууга ыңгайлуу жерди байкап келип, шире чогултуучу аарыларга ал жердин картасын бий түрүндө түшүндүрүп беришет. Шире чогулткан аарылар ошол картанын негизинде барып шире чогултушат. Бир аарынын оозу ширеге толушу үчүн ал ары 300-400 гүлгө конот. Бал чогултуучу аарылар оозундагы ширени уядагы бал чыгаруучу аарыларга алып келип берет. Уядагы аарылар ширеден сууну бөлүп алып таза балды алып калат да сууну төгүп салышат. Анан дагы аарылар жалкоолорун жактырышпайт, эмгекчил болушат.

Аарылар бат көбөйөт. Жаш аарылар 23 күндөн кийин жетилип, жумушка даяр болушат. Бирок дароо эле мейкиндикке учуп чыгып, шире чогултууга жарабайт. Алгач уяда болуп, өздөрүнөн кийинки аарыларды багышат.

Балдын көп же аз болушу аба ырайынан көз каранды болот. Мисалы күн жылуу кезинде балдын көлөмү көп болот. Азыр 25 үкөк аары багып жатам. Келерки жазда дагы 2 эсе көбөйтсөм деп ойлоп жатам. Буларды багуу тууралуу көп маалыматты китептен окуйм. Андан сырткары көп жылдан бери ары кармаган адамдардан кеңеш алып турам», - деди ал.

Абакир мырза 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×