Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Жалал-Абад облусуАксы району 05.08.2019 14:13

Саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулунун ордуна жаңы айыл өкмөт башчы шайланды

Дөөлөт Миңбаев
Дөөлөт Миңбаев

Turmush -  Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө жаңы башчы шайланды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, 24-июлда Кара-Суу айыл өкмөтүндө шайлоо өтүп, ага жергиликтүү кеңештеги 21 депутаттын ичинен 16 депутат катышкан. Айыл өкмөт башчынын ордуна Дөөлөт Миңбаев менен Алибек Ташкулов ат салышты. Жыйынтыгында 15 депутат Дөөлөт Миңбаевге добуш берсе, 1 депутат баарына каршы добуш берген.

Дөөлөт Миңбаев 1978-жылы туулган. Ал биология жана экология боюнча жогорку билим алган. 20 жылга жакын мектепте биология сабагынан мугалим болуп иштеген.

Ал эми Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Руслан Бекназаров Президенттик аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн эксперти болуп дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×