Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусуТалас району 06.08.2019 08:25

Айыл турмушу: 83 жаштагы саяпкер Бактияр атанын 32 жылы жылкы таптоо менен өткөн (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 83 жаштагы тургуну Аттокуров Бактияр ата жаш кезинде 32 жыл жылкы багып иштеген. Аймактык кабарчы ардагер атадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Арал айылында төрөлгөн.

«Менин балалыгым согуш мезгилине туш келди. Эр жетип, кол арага жараган эркектерди согушка алып кетип, айылымда бизге окшогон 5-6 жашар балдарды бел кылган аялдар калды. Апам эртеден кечке оорукта иштечү. Кечинде менден кийинки 2 карындашымды мага дайындап, колуна чырагын көтөрүп алып, түнкү сугатка жөнөчү. Азыр апамдын жылаңайлак эгин сугарып жатканы көз алдымдан кетпейт.

1943-жылдары айылга өз жеринен айдалган чечендер келе баштады. Ал жылы элде бир топ оорулар күч алып, бир далай адамдар көз жумду. Алардын ичинде менин апам да бар болчу. Ошентип апамдан эрте ажырап калдым», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жылкыга болгон кызыгуусу жөнүндө айтып берди.

«Атам өмүр бою жылкычы болуп, колхоздун жылкысын баккан. Ошондуктанбы жылкы баласына болгон кызыгуум бала күнүмдөн күч эле. Аскерден келген соң саяпкерликке баш-отум менен аралашып кеттим. Азыркы Талды-Булак айылында жылкы заводдо иштеп, мелдештерде күлүктөрдү чыгарууга жан үрөдүм. 1966-жылы өкмөттүн буйругу менен Фрунзе шаарындагы ат майданга саяпкерликке чакырылдым. Ошол жылдан тарта союздук 15 республикада өткөн мелдештерге катышуу үчүн таза кандуу жылкыларды таптап, мыкты күлүктөрдү чыгарып жаттык. Ошондой зор эмгектин артында «1-категориядагы машыктыруучу» деген наам алгам.

Жылкы башка жандыктардан айырмаланып сулуу, акылдуу, сезимтал, адам баласына жакын келет. Сен ага канчалык көңүл буруп, жакшы көргөн сайын сага ынак боло түшөт. Мен саяпкерлик өнөрдү аркалаганга чейин ат чаптым. Ат чабуу адамдын ден соолугуна коркунуч жаратат. Ат үстүнөн жаракат жалган күндөрүм көп болду. Утуп ала турган жерден бир заматта атың мүдүрүлүп жыгылган учурлар болот. Жакын адамдарым «бул өнөрүңдү таштап, башка жумуш жаса» деп айтып жатышты. Бирок бул өнөрдү таштап кетүү колумдан келбеди.

Билинбей эле быйыл саяпкерчилик өнөр менен жашап жатканыма 32 жыл болуптур. Бул жылдар айтууга оңой болгону менен иш жүзүндө көп эмгекти талап кылган өнөр. Өмүр бою жылкы баласы менен жүрүп, ар бир аттын кылык-жоругун байкап, ар бирине өзүнчө мамиле жасаганды үйрөнөсүң. Ал ортодо жем-чөбүн карап, аттардын салмагын ашырып жибергенден этияттап турчумун. Анткени семиз аттар чуркай албай калышат. Күлүк тандаганда сырты түзүлүшүнө көп көңүл буруу керек болот. Экинчиден, ал аттын укум-тукумуна изилдөө жүргүзүп чыгабыз. Ат тандоодо ар бир саяпкерде өзүнчө ыкма болот. Анын баарын айта берүү туура эмес», - деди ал.

Бактияр ата 10 бала, 26 небере жана 19 чөбөрөнүн атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×