Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ысык-Көл облусуТүп району 04.08.2019 08:00

Айыл турмушу: Түптүк Д.Алдаярова 39 жылдан бери элдин ден соолугу үчүн күрөшүп келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Чоң-Тогузбай айылынын тургуну Дамира Алдаярова 39 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча акушер.

«Окууну аяктап, ушул айылга турмушка чыгып, эмчи айым болуп эмгектенип калдым. Ошол кезде малчылар үчүн күнү-түнү кызмат кылып турчубуз. Анда азыркыдай унаа жок. Ат минип барып иштеп келчү элем. 1987-жылы ноябрь айында калыңдыгы 1 метр кар жаап, кош бойлуу айымга жардам керек болуп калып барууга туура келди. Барганча карды жиреп жол жол салдым. Барып төрөтүн кабыл алып, анан ишке келгеним эсимде.

2012-жылы жаңы ФАП курулуп, ишибиз кыйла жакшырды. Катаал шарттагы айыл деп айтылып, кышкысын өзгөчө кыйынчылык жаратып келген учурларды эске алганда азыркы ишибиз ыргактуу экенине каниет кылабыз. Ошол тапта отчёт бергени 36 км алыстагы район борборуна баруу азап эле. Азыр жаштыгым ошол жолдордо калды деп калам», - деди ал.

Дарыгер айым жолдошу экөө 5 баланын ата-энеси. Иш тажрыйбасында 30дан ашык аялдын төрөтүн үйүндө да кабыл алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×