Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 06.08.2019 22:28

Айыл турмушу: Элетте балык баккан экономист А.Чаловдун ишкерчилиги (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн Ак-Тектир айылынын 63 жаштагы тургуну Акмат Чалов 3 жылдан бери балык чарбасын иштетип келет.

А.Чалов аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, алгач 1 сотых жерге чакан көлмө куруп, ага 2 миң чабак өстүрүп баштаган. Кийин көлмөнүн аянтын чоңойтуп, балыктын санын 6 миңге жеткирген.

«Союз убагынан бери балык өстүрүүнү пландап келгем. Бирок шарт туура келбей, өз убагында оюмду ишке ашыра алган жокмун. Эми гана балык чарбасын түптөп, иштетип жатам. Учурда беш көлмө бар, анын аянты 70 сотыхты түзөт. Мында балыктын карп, сазан жана толстолобик деген түрлөрү өстүрүлөт. Бул балыктар 3 жыл мурун көлмөлөргө салынган. Азырынча сатыкка чыгара элекпиз. Бирок үй шартында тамак-ашка колдонуп жатабыз. Токтогул районунда бул балыктар 200-250 сомдон сатылып жатат», - деди Акмат Чалов.

Анын айтымында, ар бир балыктын салмагы 700 граммдан 1 килограммга чейин жетет. Аларга күнүнө 2 маал арпа, жүгөрү, буудай сыяктуу жем берилет.

«Ушул жылдын күз айларында балыктарды сатыкка чыгарууну пландап жатам», - дейт ал.

Акмат Чалов бир гана балык чарбасы менен алек болбостон 16 гектар жерге бак-дарактын бир нече түрүн өстүрөт. Ал жоголуп бара жаткан жүзүмдүн түрлөрүн, алма, кара өрүк, малина өстүрүп келет.

А.Чалов кесиби боюнча экономист. СССР убагында жетекчилик кызматты аркалаган. Анын 4 уулу, 3 кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×