Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусуКара-Буура району 01.08.2019 09:50

Айыл турмушу: Кара-бууралык Г.Төрөкулова үндүк көбөйтүп сатып, айылдан 30 сотых жер алды (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 43 жаштагы Гүлзина Төрөкулова 10 жылдан бери үндүк багып келе жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Миң-Булак айылында төрөлгөн. Шекерге 18 жашында келин болуп келген. Шекер айылынын токой чарбасына 2004-жылы көчүп келишип, ижарага жер алып, бак тигип, үй куруп жашап калышкан.

«Бул жакка жаңы көчүп келгенде кичинекей үйдө жашачубуз. Кийин ар бирин 500 сомдон алып 8 үндүк бактым. Үйдүн ичинде сандык, төшөктөрүм бар болчу. Эл көрбөсүн деп үндүктөрүмдү сандыктын артына жумуртка бастыртып койчумун. Кийин 180 жөжө чыгарышты. Уйдун сүтүн быштак кылып берип, өлтүрбөй чоңойттум. Быштак жасоо үчүн сүт бышайын деп калганда кичине уксус кошуп жиберем. Сүт ирип, быштак болуп калат.

Күзүндө үндүк сатып, айылдан 30 сотых жер алып койдук. Дагы сатып, 2 уй алдык. Үндүктүн ар бирин 1000 сомдон сатып, үйгө керектүү буюмдарды, балдарга кийим-кече алып беребиз. Буйруса дагы көбөйтүп баштайбыз деген пландар бар», - деди ал.

Гүлзина айым 2 кыз, 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×