Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусу, Ош 31.07.2019 15:41

Ошто күн ысыгандыктан ооруканага кайрылган балдардын саны көбөйдү

Ош шаары
Ош шаары
// Turmush

Turmush -  Соңку күндөрү абанын температурасы кескин жогорулаганына байланыштуу Ош шаардык балдар ооруканасына 1 жумада 1 миң 200 бала кайрылды. Бул тууралуу Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар стационарынын башкы дарыгери Кайрат Абжалов билдирди.

Анын айтымында, ооруканага кайрылган балдардын 80 пайызын 1 айдан 1 жашка чейинки наристелер түзүүдө.

«Абанын температурасы кескин түрдө жогорулап кеткендиктен балдар, наристелер ооруканага ар кандай диагноздор менен кайрылып жатышат. Көп учурда дене табы көтөрүлгөндөр, дем алуудан кыйналгандар жана сарык оорусунун белгилери менен кайрылышууда. Кечээ, 30-июлда саат 17:00дөн баштап бүгүн, 31-июль таңкы саат 08:00гө чейин 60тан ашык бейтаптан инфекциялык оорулардын белгилери байкалды. Андан сырткары учурда жашылча, мөмө-жемиштердин мезгили болгондуктан ич өткөк оорулары көбөйдү. Ата-энелер, жаш балдар өздүк гигиенаны сактабагандыктан ушундай көйгөйлөр келип чыгууда», - деди Кайрат Абжалов.

22-июлдан бери Ош шаарында абанын температурасы +40 градустан +43 градуска чейин жогорулаган.

Буга чейин «Баракелде» басылмасы аномалдуу ысык аба ырайына байланыштуу Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык ооруканага кайрылгандар көбөйгөнүн жазган.

Маалыматка караганда, 22-июлдан баштап 28-июлга чейин кабыл алуу бөлүмүнө 1879 бейтап кайрылган. Алардын ичинен 618 адам ооруканага жаткырылган.

«Ичеги-карын инфекциясынан жабыркаган бейтаптардын саны өсүп жатат. Бир жумада 642 бейтап кайрылды», - деп билдиришкен Республикалык инфекциялык ооруканадан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×