Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуНарын району 28.07.2019 11:12

Нарын районунда «Бугу» фестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланышты

Turmush -  Нарын районунун Ийри-Суу жайлоосунда райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган «Бугу» фестивалынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар салтанаттуу түрдө тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Фестиваль Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында өткөрүлгөн. Ага республиканын булуң-бурчунан көптөгөн меймандар жана чет элдик туристтер да арбын келди. Өнөрпоздор Бугу эне жөнүндө театралдаштырылган сценка тартуулап, маданий иш-чарада улуттук оюндар (кыз куумай, эр эңиш, балбан күрөш) да уюштурулган. Жеңүүчүлөргө диплом, грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Фестивалды өткөрүүгө Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 100 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Мындан сырткары демөөрчүлөр тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×