Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 25.07.2019 14:13

Айыл турмушу: 20 жаштагы Айзада айылда кагаздан гүлдөрдү жасап сатып ишкерлик кылууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Көк-Ой айылынын 20 жаштагы тургуну Айзада Кайдилбеева ар кандай таттууларды жана кагаздан гүлдөрдү жасап сатып ишкерлик кылууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бош убактысында таттууларды жасап, дүкөндөргө өткөрөт.

«Кичинекей кезимден бери эле кол өнөрчүлүккө кызыгуум бар болчу. 3-класста окуп жүргөндө Көк-Ойдогу тигүү ийримине 1 жыл катышкам. Ал убакта көбүнчө кийиз менен иштечүмүн. Мен кийим тиккенди, таттууларды түрлөп жасаганды, анан кооз буюмдарды жасаганды жактырам.

Ушул убакка чейин атайын дүкөндөргө таттууларды жасап өткөрүп келчүмүн. Тапкан каражатты ата-энеме берем. Апам базарда кийим сатат. Апама жардам болсун деп иштейм. 1 жылдан бери атайын кагаздан гүл жасап, буйрутма алып жатам. Гүл жасоону алгач апам сунуштаган. Акырындык менен интернет булактарынан үйрөнө баштадым. Биринчи көргөндө жасай албайм го дегем. Бирок практика жүзүндө иштеп көрсөм үйрөнүп кетчүдөй экенмин. Колумду көндүрүп, 1-2 даанадан гүл жасап жүрдүм. Кийин көбөйтүп отуруп гүлдестелерди жасай баштадым. Башында жасаган гүлдөрүмдү жакындарыма белекке берип жүрдүм. Кийин апамдын жанына кое баштадым. Апама келген кардарлар гүлдү көрүп, сөзсүз буйрутма берип кетишет. Ошентип жүрүп кардарларды таба баштадым. Азыр буйрутма алып жасап жатам. Ушул убакка чейин эң арзан саткан гүл 100 сом, эң кымбаты 500 сом болду. Гүл жасоо үчүн атайын гофро кагаздарын сатып алам. Баасы арзан эле, 60-70 сомду түзөт. Жасалган гүлдөрүмдү көлөмүнө, көркөмүнө жараша баалап сатыкка коём. Көбүнчө туулган күн, майрамдарга жана эки жаштын жакшылыктарына деп жасатып кетишет.

Буйруса дагы жакшы нерселерди жасап сатам деген максатым бар. Күндүз таттууларды жасоо менен алек болсом, кечкисин 1-2 саат гүл жасоо менен алек болом. Келечекте атайын таттууларды жасоочу цех ачып, кыз-келиндерди иштетсем деген оюм бар», - деди ишкер бийкеч.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×