Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 25.07.2019 10:01 На русском

Айыл турмушу: Таластык жубайлар 35 жылдан бери багбанчылык кылып келе жатышат (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк-Кашат айылындагы жубайлар Болушбек Дилденмуратов менен Докдурбү Бейшекеева 35 жылдан бери багбанчылык кылып киреше таап келишет. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Жолдошу: 1984-жылдан бери багбанчылык менен алектенип келе жатам. Бир жумушту колго алып иштеп жүргөндөн кийин анын тилин жакшы түшүнүп калат эмеспизби. Илгери 15 сотых жерге 10 түп алма тигип, алгачкы багбанчылык ишимди баштагам. Азыр 2,5 гектарга көбөйтүп, ал жерге өскөн алма, алмуруттун түшүмүн сатып пайда көрөбүз. 4-5 жолу сугарып турабыз. Алманын крипсон, голден, семеренко, алмуруттун талгарка деген түрлөрүн өстүрөм. Бакканга жараша түшүмдүүсүн, өтүмдүүсүн карайм. Өзүнүн багуу эрежелери бар. Балдар баалап сатып алып кетишет. Алмуруттун талгарка сортуна суроо-талап көп. Анткени анын формасы кооз, даамы ширелүү, көпкө сакталат. 1 кг 40-50 сомго чейин болот. Айылдын баасы менен бере берем.

Түшүмү жакшы болсун деп убагы менен жер семирткич берип, ооруп калса тиешелүү дарысын чачып, жаз-күз ашыкча бутактардан арылтып турам. Илгери өсүмдүктүн оорулары жокко эсе болчу, азыр түрлөрү көп. Ошого жараша дарынын дагы саны арбын. Көбүнчөсү ожог, рак деген түрлөрүнө кабылат. Аны дарылап койсо болот. Илгери талаа-түзгө буудай, чөп эгип, аларга учак менен дары себилип турчу. Дарылоо боюнча ишибиз жок болгон. Азыр экологияда өзгөрүү болуп, ар бир адам жандалбастап түшүмүн оорулардан сактап калсам дейт.

Сезон маалында 20 сотых жерден эле 150 миң сом каражат табам. Арасындагы чөптөрдү тазалоого мотоблок аппарат алдым. Трактор бакты аралап чөптү чаба албайт. Мотоблок кичинекей жерге да кирип, чөптөрдү чаап чыгат. 2 гектар жерди 2 күндө тазалап койдум. Аны Бишкектен 52 сомго алдым. 6 га жерге төө буурчак эгем. Кээ бирлер төө буурчак болбой, түшүмдү аз алдым деп калышат. Аны бир жерге жылдап эге берип, анын үстүнө кытай дарылары менен жерлерди оорутуп жатабыз. 1-2 жыл дары бербей чөп айдап, башка жылы башка өсүмдүк тигип, анан кайра төө буурчак тиксе түшүмү мол болот.

Балдарым дагы мени менен жүрүп, дыйканчылык менен эмгектенишет. Жаштар сыртка кетпей, багбанчылык кесип менен жан багып, оокат кылса болот. Кышында бош болуп башка бизнес кылса болот. Алдыда түшүмдөр үчүн муздаткыч алууну пландап жатам.

Жубайы: Кесибим эт иштетүүчү. Окуу жайды 1984-жылы аяктадым. Кесибим менен иштеп, бригадирликке чейин жеттим. Турмушка чыгып, жолдошум менен 35 жылдан бери багбанчылык кылып келебиз. Жашыл дүйнөнүн тилин түшүнүп калдык десем болот (күлүп).

Кулпунай багып, ысык-суукка карабай мээнет кылам. Кишиге жардам беребиз, бирок кишиден сурабайбыз. Эл өзүбүздүн аракетибизди жасай беришибиз керек деп ойлойм. Кулпунайдын кара принц деген сортун багып, түшүмүн алам. Түшүмү бакканга жараша болот. Алгачкы каар жаап, үшүк алганча түшүмүн бере берет. Азыр экинчи түшүмү бышып баштады. Массалык түрдө башталганда балдарды алабыз. Эмгек акысына тыйынын берем. Бул сорттогу кулпунайдын түшүмдүүлүгү жакшы болот.

Атадан балага мал калбайт деп коёт. Балдарыбызга бак-дарак тигип жатабыз. Ошол балдарга калат.

Жубайлар 4 уул, 2 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×