Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 24.07.2019 20:00 На русском

Видео — Ошто маданият фестивалы уюштурулду

Turmush -  Кечээ, 23-июль күнү Ош шаарынын «Алымбек датка» этнографиялык музей комплексинде «Маданият фестивалы байыркы Ош шаарында» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу коомдук бирикменин Ош шаарындагы жетекчиси Акмарал Сатинбаева билдирди.

Анын айтымында, аталган фестиваль Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети жана бейөкмөт уюмдар менен биргеликте уюштурулган. Фестивалда кыргыз элинин улуттук оюн-зооктору, ыр-күүлөрү, бийлери, спорттук оюндары, жаш балдардын аянтчасында өтүп, жармаңке, мастер-класстар менен коштолду.

«Иш-чаранын негизги максаты — кыргыздын каада-салтын жоготпой, жаштарга мураска калтыруу. Келген конокторго жана Ош шаарындагы туристтерге кыргыздын көчмөн калк экенин дагы бир жолу көрсөтө алдык . Фестивалда улуттук тамак-аштар жана кийимдер көрсөтүлдү», - деди А.Сатинбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×