Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 24.07.2019 21:50

Айыл турмушу: Таластык З.Токталиева 15 жылдан бери кийим-кечелерди токуп сатууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районундагы Көк-Кашат айылынын 42 жаштагы тургуну Зейнегүл Токталиева кыз-келиндер үчүн баштыктарды токуп киреше табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районундагы Манас айылында төрөлгөн.

«Токуучулук менен бери жагы 15 жылдан бери алектенем. Апам куракчы, чоң апам жана таенем шырдак шырыган чеберлер болгон. Алар мага кичинекейимде токуганды үйрөтүшкөн. Ошол убактарда токууга көп маани берген эмесмин. Акыркы 15 жылдан бери алардын үйрөткөндөрүнө ыраазы болуп келем. Себеби баш кийимдерди, байпактарды, күрмөлөрдү, баштыктарды токуп акча таап жатам. Келин болуп келсем кайын энем дагы шырдак жасайт экен. Каралашып жүрүп мен дагы шырдак жасоону үйрөндүм. Бирок шырдак ишин улап алып кеткен жокмун.

Илгери жүндү ийрип, жиптерди боёкко салынып даярдачубуз. Азыр андай убаракерчилик аз болуп, даяр жиптердин түрлөрү жайнап калды. Көздүн майын алып, чыдамкайлык менен пайда болгон буюмдарды баалап, сатып алгандар көп.Эмгегимдин аркасы менен тапкан тыйын-тыпырды үй керегине жаратып алам. Эмгектерим колдон колго өтүп жатат, шүгүр деймин. Кошулмасында синтетика жок жиптерден токуп жасайм. Алар түлөбөйт дагы. Аларды Бишкектен сатып алып келем. Айыл элинен жана башка айылдардан дагы буйрутмалар көп келет. Көбүнчөсү баш кийим менен баштык токутууга буйрутма беришет. Алар 250 сомдон 1000 сомго чейин сатылат. Кышкысын жумушум күчөйт. Жылуу байпактарды токуп күн өткөрөм.

Мурда ар бир үйдө кыздар токуп, бош убакыттарын кол өнөрчүлүк менен өткөрүшкөн. Азыр андай болбой калды. Өзүмдүн кызыгуум катуу, тажабай токуй берем. 1 жумада кардиган токуп коём. Кардиган чоң кийим болгондуктан жай отуруп токуш керек болот. Калгандарын 1-2 күндө токуп даярдап берем. Токуп баштаганда эч нерсени ойлонбой, анча-мынча көйгөйлөрдү унутуп калам. Анткени токулган жерлерди санаш керек болот (күлүп). Санактан жаңылбаш керек, антпесе кооз болбой калат. Илмек ийнелердин номурлары болот. Ошого жараша жиптин калың же жукасын камдап алып токуйм. Ал бекем жана бышык болот. Көптөр алып кетишет. Белекке дагы берем. Кыздарымдын дагы колунан келип турса дейм. Бирок улуу кызым гана токуп жатат», - деди ал.

Зейнегүл айым 5 кыз, 1 уулдун апасы. 2018-жылы «Эне даңкы» сыйлыгына ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×