Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 24.07.2019 17:52

Айыл турмушу: А.Эшеналиева 26 жылдан бери кол өнөрчүлүктү аркалап келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк-Кашат айылынын 47 жаштагы тургуну Айгүл Эшеналиева кыз-келиндерге кол өнөрчүлүктү үйрөтүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Ак-Жар айылында төрөлгөн. Келин болуп келген күндөн бери буйрутмаларды алып, чеберчилик менен алектенет. Аны айылда Айгүл эмес, Айнура деп таанышат.

«1993-жылдан бери кол өнөрчүлүк менен иштейм. Буйрутма бергендерге бир жер төшөктү 250 сомдон курап берем. Ар ким өзү кездемесин алып келет. Ошого ылайыктап жасап берем. «Үйрөтүңүзчү же тигилишин көрсөтүп коюңузчу» деп келип калышса кубанам. Эч баш тартпастан билгенимдин баарын үйрөтөм. Чеберчилик муундан-муунга өтсө чоң сооп иш кылган болот элек.

Алдыда оюм курак курайын деп турам. Кыз кишинин мындай иштерди билип алганы айыл ичинде чоң жардамга келет. Мен 2 кызыма өзүм 6 сыйра кылып, жалаң курак менен сеп даярдап бердим. Ошондон бери эл көп келет. Кыздарынын септерин камдоого же үйүнө деп куратып кетишет. Курактын каттама деген түрүн көп курадым. Ал майда, бирок эл ошону жакшы көрөт. Кездеме бычып, кийим-кече дагы тигем», - деди ал.

Чебер айым 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×