Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусуТалас району 24.07.2019 17:07 На русском

Айыл турмушу: 76 жаштагы Сакен апаны айылдаштары «Ырчы апа» деп атап алышкан (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк-Кашат айылынын 76 жаштагы тургуну Сатыбалдиева Сакен апа элетке «Ырчы апа» деп таанылып, үй-бүлөлүк ансамбль түптөп алган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Жоон-Арык айылында төрөлгөн. 20 жыл саанчы, 7 жыл Таластагы тигүүчү цехте тигүүчү болуп эмгектенген.

«Бардык ишти ылдам жана так аткарып, сыйлыктар менен сыйланып турчумун. Жашымдан күжүрмөн, эмгекчил болдум. Эл эмгегиң менен өнөрүңдү баалайт тура. Турмуш курган күндөн тарта эле үн созолонто калганымды баары билип, тойлорго чакырып башташты. Айыл ичиндеги бешик, жээнтек жана башка той-топурларда ырдайм. Ыр кечелерге, сынактарга катышып жүрөм. Айылдын намысын коргоп, көп жактарга барып жүрдүм. Ырдоо талантыма шүгүр дейм. Бирок ыр жазып калганымда сонун болмок.

Бир балам комуз чертет, мен ырдайм. Элечек кийип алып, ооз комуз дагы чертем. Биз ансамбль болуп сырт жактарга чыкпайбыз. Ушул тегерегибиздин жакшылыктарына барабыз. Элет эли ыраазычылык билдирип калышат. Андан артык эмне бар? Тыйынга ыктабастан көкүрөктөгү өнөрүмдү арнап келем. Талантым балдарыма өткөн. Кызым тигүү цехинде иштейт. Колумдагы небере кызым мендей болуп ырдачу. Бирок көз тиет деп токтотуп койгом.

Ырларымдын көпчүлүгү мекен, жаштык жөнүндө. Ырдап чөгүп турган маанайымды көтөргөн күндөр болгон. Кабак түйүп жүргөндөн көрө ырдап чер жазган жакшы. Кайсы бир сынак болуп, анда мени музыкалык билимим бар деп четтетип коюшкан. Элдин калыстыгы менен музыкалык билимим жок экени билинип, сынакка катышып ийгиликке жетишкем. Ошондо үнүм музыкалык билими барлардыкы менен тең экен деп бир чети аябай сүйүнгөм (күлүп). Азыр дагы «сынактарга катышып коюңуз» деп келишет. Мен «карып калдым» деп коём (күлүп)», - деди ал.

Ырчы апа 6 баланын, 20дан ашуун неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×