Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуТалас району 24.07.2019 10:34

Айыл турмушу: Таластык уста Н.Нарматовду айылдаштары «универсал киши» деп аташат (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк Кашат айылынын 41 жаштагы тургуну Нургазы Нарматов эли үчүн кызмат кылып келе жатат. Аймактык кабарчы темир уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча тракторчу.

«9-классты бүтүп, орто кесиптик окуу жайда окудум. 1995-жылы трактор айдоочусу деген кесипке ээ болгом. Аны аяктаганда Балыкчыда аскердик кызматымды өтөп келдим. Ал жактан унаа оңдоо кызматын аткардым. Аскерден келгенде айыл шартына керектүү болгон темирге байланыштуу бардык жумуштарды жасап, кызмат кылып келем. Дарбаза, суу кудуктарын, талаа иштерине пайдаланган кетмен, күрөк жана башка шаймандарды жасап, үйлөргө жылытуу системаларын орнотуп, тракторлор үчүн талаа жумуштарын жеңилдеткен тетиктердин баарын жасайм. Мага устачылыкты эч ким үйрөткөн эмес. Эскирген же жасай турган окшош буюмду бир карап жасап коём. Ар бир буюмду жасоодо жабдыктар керек болгондуктан акырындан сатып алып, баарын камдап алдым.

Эмгектеримди эл көрүп, жасап бер деп кайрылышат. Ширетип жасап берем. Баары тааныш болгондуктан тыйын албайм. Дарбазаны 1 жумада жасап коём. Көпчүлүк тургундардыкын жасап бердим. Балам атам жасайт деп темир жумуштарына аралашпайт (күлүп). Башкалар үйрөнүп турушат. Ширетүүнү өздөштүрүп алганым турмушубузга керектүү. Карап көрсөм, бардык жумуштарыбызга жок эле дегенде темир шайман керектелет. Ал жараксыз абалга жеткен күн келет, ошондо ширетип жаңылап коём. Техникаларды оңдоп берем. Электр жагына жакынмын. Айылдагылар «универсал киши» деп калышат. Алгач электр жумушуна аралышып жүргөндө 220 вольт токко урунган күндөрүм болгон. Азыр билип, көнүп калдым. Андан башка дыйканчылык менен алектенем», - деди ал.

Темир уста 1 уул, 3 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×