Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуКара-Суу району 24.07.2019 10:24

Кара-Сууда 28 млн сомго эки кабаттуу оорукана курулууда

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө кичи футбол аянтчасы жана оорукана курулууда. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башкы эсепчиси Кимсанбек Касымов билдирди.

Анын айтымында, Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн Чайчи айылында курулуп жаткан кичи футбол аянтчасына мамлекеттик бюджеттен 2 млн 300 миң сом бөлүнгөн.

«Буга чейин балдар ушул курулуп жаткан аянтчанын ордундагы чөптүн үстүндө эле футбол ойноп келишкен. Учурда газон төшөө иштери башталды, андан соң жарыктандырылат. Анын жери айыл өкмөттүн балансында турат.

Ал эми Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн тургундары буга чейин эски имараттагы ооруканага кайрылып жүрүшсө, учурда эки кабаттуу жаңы оорукана курулууда. Долбоор 28 млн сомго бааланган жана бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан 8 млн сом бөлүндү. Учурда эки кабаты тургузулду, эми чатыры жабылат», - деди Кимсанбек Касымов.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×