Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуАт-Башы району 22.07.2019 09:51 На русском

Жылдызбек Талипов Ак-Талаа РИИБдин жетекчиси болуп дайындалды

Turmush -  Жылдызбек Талипов Ак-Талаа РИИБдин жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, ал аталган кызматка 18-июль күнү келген. Подполковник Ж.Талипов буга чейин Ат-Башы РИИБдин башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген.

Жылдызбек Талипов

Өмүр баяны:

Жылдызбек Талипов 1978-жылы 11-мартта Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктаган соң 1996-жылы №7702 аскер бөлүгүндө 1,5 жыл кызмат өтөгөн. Аскерден кийин, 1997-жылдан 2000-жылга чейин Бишкек шаарында ар кандай жумуштарда иштеген.

2000-жылы 1-мартта милициянын республикалык окуу борборунун 4 айлык курсун мыкты аяктаган. Ошол эле жылдын июнь айында Талас РИИБге милиционер айдоочу болуп жумушка орношкон. Кийин Талас облусунун күзөт бөлүмүндө 3 жыл иштеп, 2004-жылы Талас шаарындагы №1 административдик бөлүгүн тейлөө менен кенже лейтенант наамын алган. Ал жерде 2 жыл эмгектенди.

2006-жылы май айында Нарын ОИИБге келип, Куланак айылдык милиция бөлүмчөсүндө, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында иштей баштаган. 2007-жылы криминалдык милиция кызматында иштеген. Кийин Ат-Башы РИИБде мал уурулукка каршы күрөшүү кызматында, кийин Казыбек айылдык милиция бөлүмчөсүндө иштеди. 2012-2015-жылдары Баш-Кайыңды айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, 2015-жылдан 2017-жылга чейин Кочкор районуна караштуу Чолпон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы болгон. 2017-жылы 8-сентябрь күнү Ат-Башы РИИБдин башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган.

Үй-бүлөлүү, 3 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×