Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуТалас району 20.07.2019 15:37 На русском

Видео — Таласта күйүүчү май ташыган эки унаа өрттөнүп кетти

пожар, бензовозы
пожар, бензовозы

Turmush -  Талас районунда күйүүчү май ташыган эки унаа өрттөнүп кетти, деп билдирет аймактык кабарчы. Өрт кырсыгы орун алганын райондук администрациядан тастыкташты.

Маалым болгондой, өрт кырсыгы 20-июлда саат 01:00дөр чамасында Талас районунун Жон-Арык айылында катталган. Анда кампада турган күйүүчү май ташуучу эки унаа өрттөнүп кеткен. Өрттүн келип чыгышына электр энергиясынын чагылышуусу себеп болгон. Кампа Ленин атындагы көчөдө жайгашкан. Өрт кырсыгы болгон жерге 3 өрт куткаруучу кызматынан куткаруучулар тартылган. Өрттөн «ДАФ» үлгүсүндөгү (ээси 1986-жылы туулган Ж.Б.) жана «МАН» (ээси 1975-жылы туулган Ж.И.,) үлгүсүндөгү унаалар күйгөн.

Өрт кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес. Бир унааны сактап калууга мүмкүн болгон.

Ал эми Талас шаарынын мэри Айдарбек Жусупбеков өрт чыккан кампа анын инисине таандык экенин айтты.

«Кампа иним Д.Жусубековго таандык. Жарылуу болгонун 2 саат мурун гана уктум. Мен ал жерге эки ай мурун барганда унаалар турган. Бирок, күйүүчү май ташыган унааларды көргөн эмесмин. Иниме чалып, анын амандыгын сурадым. Ал баары жакшы экенин айтты. Менин ал жерге эч кандай тиешем жок», - дейт мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×