Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Жалал-Абад облусуАксы району 19.07.2019 13:08 Жаңыланды: 26.07.2019 22:32

Айыл турмушу: Аксылык Г.Кыдыралиева айылда кыялындагы ишканасын ачты

Turmush -  Аксы районуна караштуу Өлөң-Булак айылынын тургуну Гузерхан Кыдыралиева чакан ишкана түптөп, 20 аялды иш менен камсыздады. Аймактык кабарчы элеттик ишкер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 20 жыл бою жайлоого чыгып, мал чарбачылыгы менен алектенген. Бирок ишкерликти баштап, кондитердик азыктарды даярдоочу чакан цех ачууну кыялданып жүргөн. 2014-жылы үй-бүлөсү менен үй шартында кондитердик азыктардын 2 түрүн даярдап, дүкөндөргө өткөрүп баштаган.

«2015-жылы чакан цех куруп, кондитердик азыктардын 10 түрүн даярдап баштадым. Бүгүнкү күндө таттуулардын 20дан ашык түрүн бышырып, сатып жатабыз. Андан тышкары тендерлерге катышып, мектептерди булочка, таттуулар менен камсыздайбыз. Цехте 20дан ашык аял туруктуу иш менен камсыз болгон. Алар 7 миңден 18 миң сомго чейин айлык акы алышат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×