Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.07.2019 12:12

Сүрөт — Ысык-Көлдө аман табылган казак жараны скутер үчүн 5 миң доллар төлөп бермей болду

Turmush -  Ысык-Көлдө дайынсыз жоголуп кетип, аман-эсен табылган Казакстандын жараны М.Аркадийдин досу милицияга тосмо арыз жазып, мурда берилген арыз боюнча териштирүү иштерин токтотууну өтүндү.

Маалым болгондой, арыз М.Аркадий менен бирге эс алып жүргөн Казакстандын жаранынан түшкөн. Ошол күнү Аркадийге скутерин ижарага берген Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын тургуну Бактынур дагы милицияга арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, Алмата шаарынын тургуну чөгүп кеткен скутер үчүн материалдык чыгымды төлөп берүү милдетин алгандыгына байланыштуу ал мурда жазган арызын кайтарып алды.

Turmush басылмасына маалым болгондой, эки тарап 5000 доллар суммадагы акча тууралуу сүйлөшкөн. Кээ бир маалыматтар боюнча, Аркадий Алмата шаарына кеткен. Анын маселесин чечүүгө Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы, консул Жасулан Жаналиев да аракет кылууда.

Буга чейин Ысык-Көлгө эс алууга келип, 14-июлда дайынсыз жоголгон казакстандык жаран 16-июлда тирүү табылганы маалымдалган.

Окуя тууралуу:

14-июлда Кара-Ой айылындагы эс алуучу жайда эс алып жүргөн Казакстандын 1966-жылы туулган М.Аркадий аттуу жараны скутер айдап кетип, дайынсыз жоголгон.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 14-июль күнү болжол менен саат 21:30 чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Алмата шаарынын 1966-жылы туулган тургуну С.Александр арыз менен кайрылган. Ал «Алтын-Көл» пансионатында чогуу эс алып жаткан 1966-жылы туулган досу Аркадий болжол менен саат 14:15 чамасында дайынсыз жоголгонун билдирген. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, аталган жарандар Ысык-Көлгө 13-июлда келишкенин аныкташкан.

14-июль күнү Аркадий Кара-Ой айылынын 1995-жылы туулган тургуну Т.Бактынурдан ижарага скутер алган. Ал белгисиз тарапка сүзүп кетип, кайра кайтып келген эмес. Александр көлдүн жээгиндеги башка скутерлердин ээлери менен бирге өз алдынча издөө иштерин жүргүзүүгө аракет кылган, бирок катуу толкундан улам издөөнү токтотушкан.

15-июлда Аркадийди издөө боюнча атайын штаб түзүлгөн. Издөө-куткаруу иш-чараларына укук коргоо кызматкерлери, куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тартылган. Андан тышкары тик учак менен издөө иштери жүргүзүлмөк болгон.

Turmush басылмасына Аркадий 1966-жылы 11-сентябрда туулганы белгилүү болгон. Ал Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин институтун бүтүрүп, Украинанын Одесса шаарында 86-гвардиялык мотоаткычтар полкунда кызмат өтөгөн.

16-июлда аны издөөгө 81 куткаруучу, ИИМден 167 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 32 адам тартылып, моторлуу кайык менен издөө иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланган.

Маалыматка караганда, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жеке менчик кемелердин ээлерине багыттоо берилип, издөө иштери үчүн амфибия учагы жана 12 кеме тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×