Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Баракелде, Бишкек 19.07.2019 09:34

Балет бийчилер Канат менен Иринанын сүйүүсү. Сүрөт

Turmush -  Кыргызстандык 28 жаштагы Канат Надырбек уулу белгилүү Мариинск театрынын солисти, премьер-балет. Ал россиялык прима-балерина Ирина Сапожниковага быйыл 9-июнь күнү баш кошкон.

Канат Надырбек уулу «Жизелде» Граф Альберттин, «Корсарда» Конраддын, «Баядеркада» Солордун, «Уйкудагы сулууда» Дезире канзааданын жана «Ак куу көлүндө» Зигфрид канзааданын ролун аткарган. Ал Россиянын Владивосток шаарында эмгектенет. Буга чейин Кореяда да иштеп келген.

«Кочкор районунун Кум-Дөбө айылынан болом. 9 жашымда Балыкчыдан Бишкек шаарына көчүп келдик. Ошол убакта Чолпонбек байке денемдин ийкемдүүлүгүн, сөөгүмдүн түзүлүшүн, түздүгүн жана угуу жөндөмдүүлүгүмдү текшерип көрдү. Купулуна толсом керек, Бишкектеги хореографиялык окуу жайга алып барды. Чолпонбек Базарбаев атамдын таякеси болот. Мени көпчүлүгү Чолпонбек Базарбаевдин небереси деп ойлошот. Алгач балет эмне экенин билчү эмесмин. Кийинчерээк кызыгуум артты, бирок өткөөл куракка келгенде эмнегедир бийден тажап баштадым. 9-класста Россиядан балет жылдыздары концерт коюп келип калды. Жаңылбасам Антон Корсаков болушу керек, алардын бийлегенине суктанып, маашырланып эле калдым. Ошондон кийин балетти сүйдүм! Орто жерден балетти таштап койгон күндөрүм да болгон», - деди ал.

Канат Надырбек уулу сүйүү жок болсо жашоо маанисиз экенин айтты.

«Бишкектеги театрда иштеп жүрдүм эле, айлыгына ыраазы болбой койдум. Ал ортодо Россиядагы белгилүү Мааринск теартынын төртүнчү сахнасы Владивостокто ачылып, ошол жакка кетип калдым. Сыртка акчага карап кеткен жерим жок, чыгармачылыкты өркүндөтүш керек болду.

Былтыркы жылы Кыргызстанга келгенде жубайым Иринаны ата-энеме тааныштыргам. Жубайым россиялык. Экөөбүз кесиптеш болобуз, ал прима-балерина, Башкыртстандын эмгек сиңирген артисти. Биздин каада-салтка көнүп келе жатат. Бардыгын кызыгуу менен кабыл алып жатат. Ата-энелерибиз туура кабыл алып бата беришти. Сүйүү эч нерсеге карабайт. Сен жүрөгүңө буйрук бере албайсың, эгерде жүрөгүң каалаганын жасабасаң анда жашоонун мааниси жок деп ойлойм», - дейт Канат Надырбек уулу.

Ал эми жубайы Ирина Сапожникова кыргыздын салты жаккандыгын белгиледи.

«Каада-салттар өзгөчө экен. Бирок мага абдан жагып жатты. Кыргызстан өзгөчө кооз экен. Кочкор районуна жана Ысык-Көлгө бардык. Нике кыйдырып, ак жоолук салып, көшөгөгө отургузушту. Башкача сезимдер коштоду. Улуттук тамактарды бышырганды эми үйрөнөм. Чоочун адамдар келгенде жүгүнүп учурашуу өзгөчө экен. Ата-энем да Кыргызстанга келишти. Кыргыз элинин меймандостугун жактырышты. Жумушубузга байланыштуу Башкыртстанга кетебиз», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×