Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Талас облусуБакай-Ата району 18.07.2019 10:11

«Класска ат минип кирип келген окуучу»: Мугалим А.Өмүрбаеванын ишиндеги кызыктар. Сүрөт

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылынын 47 жаштагы тургуну Арзыкан Өмүрбаева 26 жылдан бери орус тилчи мугалим болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Миң-Булак айылында төрөлгөн.

«Бишкек гуманитардык университетинен орус тили жана адабияты адистигин бүткөм. Биринчи эмгек жолумду 1993-жылы Бишкектеги №60 лицейде баштагам. Кийин Сокулукта, андан кийин Кең-Арал орто мектебинде, айыл чарба техникумунда эмгектендим. Учурда Талас мамлекеттик университетинин алдындагы колледжде иштейм.

Азыр айылда илгеркидей орустар калбай, көбү кетип калышпадыбы. Балдар эне тилибиз менен чектелбестен орус тилди мыкты үйрөнүп, эки тилде тең сүйлөп, эки тилде тең жазса экен деп далалат кылам. 5 бир тууганым мугалим. Үйдө чай ичип отуруп калсак жаңы ыкмаларыбызды бөлүшүп турабыз. Аркалаган ишим ардактуу, сооптуу кесип. Балдардын билимдерин өйдөлөтүп, турмушка үгүттөп, алардын окуп, бир кесипке ээ болушуна өбөлгө болосуң», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумушундагы кызыктуу учурду эскерди.

«Алгач башталгыч класстарга сабак берип калдым. Кичинекей балдар баш ийбей, укпайт дагы эмеспи. Бир бала кечигип келди дагы «мен үйдөн ат чаап келдим, мына атым» деп бейкапар келип, чыбыкты класска коюп койду. Бир маалда сабакты угуп-укпай «кеттим, атым курсагым ачты деп жатат, суу ичет» деп чыбыкты минип алып кетип калды. Ошол күндү эстеп күлүп калам. Азыр ал балдар азамат болуп чоңоюп калышты.

Орто окуу жайда сабак берип жүргөндө жаңы келген студентти доскага чыгарып, бир сөздү айттым. Ал сөздү доскага жазып талда десем, досканын бетине «талда» деп жазып, талдадым деп эсимди оодарган. Көрсө мектепте окуп жүргөндө доскага чыкпаптыр, сөз талдап көрбөптүр. Аз дагы болсо билип алсын деп грамматиканы үйрөттүм», - деди ал.

Мугалим айым жолдошу Кубанычбек Үмөталиев экөө 3 баланы тарбиялап жатышат.

«9-класска чейин өзүмдүн айылымдагы немистер менен орус класста окудум. Ата-энем кыргызчаны унутуп калбасын деп кийин Кең-Арал орто мектебинде окутушкан. Ал жерде бир тууган эжем бар. Ал жакта окуп жүргөндө бир тууган абысыным мага сабак берчү. Жолдошум менен ошол абысыным аркылуу таанышып калгам. Жолдошум жакшы көрүп жүргөн экен (күлүп). Мен дагы көрүп жүрчүмүн, бирок кыз-жигит болуп сүйлөшкөн эмеспиз.

Бир күнү макулдугумду сурабай туруп эле унааларды чуурутуп жасап, барып калышыптыр. Ал үйлөнүшү керек болуп, мен дагы жаш болбогондон кийин эч кандай сүйүүсү жок эле баш коштук. Азыр 1 уул, 2 кызыбызды өстүрүп жатабыз (күлүп).

Келин болуп келгенде ачык мүнөз болуп, улуулардын көзүнчө айтылбай турган сөздөрдү айтып салып жүрдүм. Бул жактагылар «бул таптакыр орус болуп калган го» деп калышчу. Кайын энем кары киши болчу. Биз дагы кайын эне болуп, келин алабыз деп жуунтуп, чачын тарап, жакшы бактым. Биз турмуш курган маалда союз тарап, жашоо оңой болгон жок. Балдарды камап коюп, ишке барган күндөр көп болгон. Азыр балдар чоңоюп билинбей калды. Балдардын жакшылыгын көрөлү деп тилейм», - деди мугалим айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×