Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Нарын облусуНарын району 17.07.2019 18:18

Солтон-Сарыда «Хово» жүк түшүрүп жатканда оодарылып кетти. Видео

Turmush -  Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кенинде жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 17-июлда Солтон-Сары алтын кенинде иш жүргүзүп жаткан Кытай компаниясынын «Хово» үлгүсүндөгү унаасы оодарылган. Анын кесепетинен айдоочу ийининен жеңил жаракат алды.

«Хово» унаасынан жүк түшүрүп жатышкан. Экскаватордун жардамы менен жыгылган унаа тургузулду.

Солтон-Сарыда азыркы убакта кытайлык «Jhong ji Mining company» компаниясы иш алып барып жатат. Учурда чалгындоо иштери болуп, жолдор салынууда.

Аталган компания Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган жана анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курулуу астында турат. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылууда.

Бүгүн, 17-июлда кендеги ишти токтотууну талап кылып, жүзгө жакын жергиликтүү тургун чогулган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×