Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баракелде, Бишкек 17.07.2019 15:57

Погончон айым М.Комиссарова спортто ийгиликтерди жаратып келет

Turmush -  Комиссарова Магира Нурбековна кичинекей кезинен бери форма кийип, милиция кызматкери болууну эңсеп келген. Кийин максатына жетип, учурда Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын борбордук аппаратынын кадр жана кесипке даярдоо башкармалыгынын эсеп боюнча инспектору кызматын аркалап келет. Каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.

«Милиция кызматкери кесибин тандап калышыма апам түрткү болду. Өзүм дагы форма кийсем дечүмүн.

Чынында жумуш оор, күнү-түнү болсо дагы кызматта жүрөбүз. Бирок ага карабастан убакытты туура пайдаланууну өздөштүрдүм. Башкача айканда, 6 жылдык тажрыйбамда жумушка да, үйгө да жетишүүнү үйрөндүм. Мындан тышкары ар кандай спорттук мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээлеп келем.

Ошондой эле ишимдин арты менен ведомстволук милиция полкунун жана Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын жетекчилигинин атынан ардак грамота жана сыйлоо баракчаларына ээ болгом. 2010-жылы ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы академиясынын сулуулар сынагында жеңүүчү болгом», - деди ал.

Магира Комиссарова иш учурундагы эсте калган окуясын толкундануу менен айтып берди.

«Албетте, жумуш учурунда ар кандай кызыктуу окуялар болот. ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын түзүлгөн күнүнө карата ИИМ тарабынан Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында эс алуу үйү ачылган. Ошондо Ички иштер министрине «кызыл тасма менен ачкычты бересиң» дешти. Ошол убакта аябай толкундангам. Анткени ал иш-чарага ИИМдин абройлуу жана атактуу ардагерлери конок болуп келишкен», - деди ал.

Магира айым эӊ алгачкы эмгек жолун 2013-жылы баштаган.

«11-классты аяктап жаткан учурда алдымда чоң тандоо турду. Бирок юрист болууну чечтим. Ошентип ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы академиясына бардым. 2-курсту аяктарда ИИМдин милициянын генерал-майору Ж.Шабиров атындагы атайын мектебине которулуп, аны 2013-жылы артыкчылык диплому менен аяктагам. Андан кийин ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын ведомстволук милиция полкунун кадрлар бөлүмүнө инспектор кызматына дайындалгам. Азыркы учурда ошол эле башкы башкармалыктын борбордук аппаратынын кадр жана кесипке даярдоо башкармалыгынын эсеп боюнча инспектору кызматын аркалап келем. Бош убагымды үй-бүлөм менен өткөрөм.

Мен жакындарыма гана кубанычтарымды бөлүшөм. Аларга тамак бышырып бергенди жакшы көрөм. Андан тышкары кечкисин үй-бүлөм менен сейилдөөнү жактырам» - деди ал.

Комиссарова 1994-жылдын 9-апрелинде Бишкек шаарында төрөлгөн.

«Ата-энем Нарын облусунун кулуну болушат. Өзүм үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусумун. Менден кийин иним бар. Иним быйыл 11-классты ийгиликтүү аяктап, жогорку окуу жайлардын биринде билим алууга аракет кылып жүрөт. Ал эми өзүм үй-бүлөлүүмүн, бир уулдун апасы болдум. Уулум Алимдар 4 жашта. Азыркы учурда шаардагы бала бакчалардын биринде тарбияланат.

Келечекке максаттарым көп. «Генерал болгусу келбеген жоокер, жоокер эмес» деген сөз бар. Келечекте алгачкы генерал айым болгум келет. Бирок ал биринчи максаттардан эмес. Көп балдардын апасы болууну каалайм», - деди погончон айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×