Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 16.07.2019 17:38 На русском

Бүгүн Ак-Талаада цистернадагы уулун куткарууга аракет кылган ата жан берди

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында күйүүчү май куюучу жайдын цистернасына 2 адам түшүп, бири каза болгонун райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн кабарлашты.

Бүгүн, 16-июлда болжол менен саат 14:02 чамасында өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө аталган айылдын кире беришиндеги май куюучу жайдын цистернасына 2 адам түшүп кеткени боюнча райондук тез жардам бөлүмүнөн билдирүү түшкөн. Саат 14:04тө өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 7 кызматкери кырсык болгон жерге жетип, саат 14:20да 2 адамды алып чыгышкан. Алар дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Алар — 1967-жылы туулган Э.И. жана уулу Э.Э.( 2001-жылы туулган) болгон.

Ал эми жергиликтүү тургундардын айтымында, уулу Э.Э. цистернанын ичин тазалоо үчүн кирип, күйүүчү майдын жытына ууланып калган. Баласын куткаруу үчүн артынан атасы Э.И. кирип, ал дагы ууланган.

Такталган маалыматтар боюнча, атасы Э.И. жандандыруу бөлүмүндө каза болду. Ал эми уулунун абалы оор.

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн билдирүүсүнө караганда, цистернанын түбүндө аз өлчөмдө күйүүчү май болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×