Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Баткен облусуБаткен району 15.07.2019 18:04 На русском

Баткенде былтыр 400 сомго жеткен өрүктөр быйыл араң 50 сомго сатылууда

Turmush -  Баткен облусунда элдин негизги киреше булагы болгон өрүктүн баасы жергиликтүү базарларда кескин түшүп кетти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, өткөн жылы ышталган өрүктүн 1 кг базарда 200 сомдон 400 сомго чейин сатылса, азыр араң 50 сомго сатылууда.

«Баткен өрүгүнүн баасын тажикстандык соодагерлер көзөмөлдөйт. Анткени кургатылган өрүк Тажикстанга сатылып, ал жакта кайра иштетилип, темир жол аркылуу Россияга жөнөтүлөт. Ошондуктан баткендик дыйкандар Тажикстандын соодагерлери койгон баада сатууга аргасыз», - деди «Алыш-Дан» кооперативинин башчысы Турсунали Төлөмүшев.

Багбан Абдуллаким Абдраимов баа маселесин жергиликтүү бийлик көзөмөлдөсө деген пикирин айтты.

«Биздин негизги кирешебиз өрүк. Аны менен бир сезондо гана иштеп, киреше табабыз. Тилекке каршы быйылкы баа жылдагыдан арзан болуп жатат. Бааны тажиктер коюшат. Анткени биздин негизги кардарларыбыз ошолор. Былтыр 200-300дөн саткан өрүктөр быйыл 100 сомго да жетпейт. Быйыл мээнетибиз текке кетет окшойт. Ушуну жергиликтүү бийлик көзөмөлдөсө жакшы болот эле», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×