Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 15.07.2019 12:08

Өзгөндө өзүн сууга таштаган карыяны куткарып калышты

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Өзгөн районунда 85 жаштагы карыя өз өмүрүнө кол салып, аны өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери куткарып калышты. Бул маалыматты Өзгөн аймактык ооруканасынан тастыкташты.

13-июль күнү Ош шаарынын 1934-жылы туулган тургуну С.Б. Өзгөн районундагы Кара-Дарыя суусуна көпүрөдөн өзүн таштаган. Аны өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери куткарып, Өзгөн аймактык ооруканасына алып барышкан.

«Карыяга тиешелүү дары-дармектерди берип, медициналык жардам көрсөткөндөн кийин өзүнө келген. 6 сааттан кийин үйүнө чыгарылган», - деп билдиришти ооруканадан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×