Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуНоокат району 15.07.2019 11:41 На русском

Ноокатта бир үй-бүлөдөн 10 адам таттууга ууланды

Turmush -  Ноокатта (пирог) бир үй-бүлөдөн 10 адам таттууга ууланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

11-июль күнү Ноокат райондук ооруканасына Мирмахмудов айыл өкмөтүнөн бир үй-бүлө тамак-ашка ууланып кайрылышкан. Жабырлануучулардын алтоосу жаш балдар болгон. Маалыматка караганда, ооруканага үй-бүлөдөгү 10 адам кайрылып, 1 күн дарыланышкан.

Уулангандардын бири Турахон Закиров базардан пирог алганын айтты.

«Ноокат базарынан чоң табакка салынган пирог сатып алгам. Ошол эле күнү ооруканага түштүк. Отуруп сатпай, кыдырып саткан сатуучу болчу. Арыз жазуу оюма келбептир», - деди ал.

Ал эми Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Эртабылды Көккөзов жеке ишкерлерди колдоо максатында мораторий жарыялангандыктан базарды текшере албай турушканын билдирди.

«Ишкерлерди колдоо максатында 2021-жылга чейин текшергенге акыбыз жок. Бирок бир адам арыз менен кайрылса, чара көрө алабыз. Базар жеке тараптарга өтүп кеткен. Такай көзөмөлгө алынып турбагандыктан ар ким өз билгенин кылып жатат. Базар көзөмөлгө муктаж болуп калган», - дейт Эртабылды Көккөзов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×