Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Баткен облусу, Баткен 14.07.2019 09:09

Баткендеги кургак учук менен күрөшүү борборунда аппараттар жана кызматкерлер жетишсиз

Turmush -  Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунда аппараттар жана кызматкерлер жетишсиз. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Жеңишбек Шарипов билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда кургак учук менен ооруган адамдардын саны былтыр 337ге жеткен.

«Кургак учук оорусу менен ооругандар акысыз дарыланат. Ошондой эле дарылануу убактысы мурда 18 ай болсо, азыркы учурда техниканын жана адистердин жетишкендиги менен дарылануу курсунун мөөнөтү кыскарган. Имаратыбыз эски, аппараттар жокко эсе. Бар жабдыктардын да тетиктери бузулуп жатат. Бул биздин ишибизди илгерилетпейт. Аргасыз бейтаптарды Ошко же Бишкекке жөнөтөбүз. Адистер да жетишсиз. Биз бейөкмөт уюмдарга, жогорку жактарга кайрылып келебиз. Бирок көйгөйүбүздү уккан эч ким жок, маселе чечилбей келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×