Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
12.07.2019 14:48 На русском

Баткендиктер Өзбекстандагы эл аралык фестивалга катышып жатышат (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 11-июлда Баткен облусунун жетекчилиги Өзбекстандын Маргалаң шаарында өтүп жаткан «Улуу Жибек Жолу» маданий музыкалык-фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышына катышты.

Маалым болгондой, Баткендин делегациясын Фергана облусунун жетекчилиги чек арадагы «Водил» өткөрмө бекетинен салтанаттуу тосуп алды. Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев, Баткен облусунун жетекчилигин аймактагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, эки тараптуу кызматташууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Алар Фергана-Баткен кызматташтыгын чыңдоого жана өнүктүрүүгө ар дайым кызыкдар экенин билдиришти.

Андан соң жетекчилер Маргалаң шаарындагы Улуу Жибек Жолунда жашаган элдердин салт санаасы, кол өнөрчүлүгүнө арналган жармаңкеге күбө болушту.

3 күнгө созула турган фестиваль 20га жакын мамлекеттин элинин башын бириктирди. Иш-чара Улуу-Жибек Жолунда жашаган элдердин турмушун, маданиятын чагылдырган маданий жана илимий саамалыктар менен коштолууда. Ар бир эл өзүнүн салттуу музыкасын даңазалап, улуттук аспаптардын коштоосунда, өз таланттарын фольклор жанрында көрсөтүүдө. Анын ичинде Баткен облусунан барган маданият кызматкерлери да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×