Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Талас облусуТалас району 12.07.2019 13:10

Айыл турмушу: Таластык уста А.Мамыратов бардык сезондо тынымы жок иштейт (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Арашан айылынын 36 жаштагы тургуну Алмаз Мамыратов устачылык өнөрү менен каражат таап, айыл элине кызмат кылат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, устачылыкты атасынан үйрөнгөн.

«Мен 4 бир туугандын кичүүсү болуп, ата-энем менен жашап, айылда дыйканчылык кылам. Орто мектепти аяктагандан кийин 2003-жылы электрик кесибине ээ болгом. 5 жылдан бери темир иштери менен айыл элине кызмат кылып келем. Буга чейин жыгач устачылык менен алектенип жүрчүмүн. 5 жылдан бери темир устачылык кылып келем. Жыгачтын түрлөрү көп, жыгачтан керектелген буюмдар бардык жерде сатылат. Ал эми темир жумушу усталардын күчүн талап кылат.

Техникаларым бар. Шаймандары менен бардык сезондо тынымы жок иштейм. Жаздан күзгө чейин техникалар менен элге кызмат кылып келсем, кышы бою буйрутмаларды алып, кардарлар менен иштейм. Шаймандарды өз колум менен жасап берем. Культивация ишин аткарууга камданып жатам. 1 гектар жерди 500 сомго даярдап берем. Жер ээси 10 литр солярка куюп берет. Культиваторду 3 күндө жасап коём.

Арык тарткычтан баштап, дарбаза, аркага чейин буйрутма алам. Төө буурчак үчүн комбайнды 13 күндө бүтөм. Шаймандын ар бирине керектелген темирди металл саткан жерден ылайыктуусун тандап сатып алып келем. Материалын гана сатып алганым болбосо, калганын баарын мээнеттенип жасап алам. Өзүмө гана камдабастан элге дагы жасап берип келем. Талас ичинде дагы буйрутмалар болуп турат.

Дарбаза үчүн кызмат акы матералына жана кооздоо иштерине жараша 5000 сомдон өйдө болот. Айылдын шартына ылайыкташтырып жасап берем. Көбүнчө кышкысын жасайм. Колумдан келип турса, башка ишим болбогондуктан ушул жумуш менен алектенип, арзан кылып жасайм. Киреше таап, үй-бүлөмдү багып келем», - деди ал.

Уста 3 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×