Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Талас облусуКара-Буура району 11.07.2019 17:06 На русском

«Кечиресиз, саламатсызбы?»: Элеттеги Элизат айымга жүгүнүп учурашкан кайын ага (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 41 жаштагы тургуну Самарбек Боромбаев 35 жаштагы жубайы Элизат Базарбаеваны бир көрүп эле жактырып, эртеси баш кошкон. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Жубайы: Мен Кара-Буура районунун Кайнар айылында төрөлгөм. Өзүм 8 бир туугандын ортончусу болом. Кыз кезден жумушка тың болчумун. Кыздардын эң улуусу болгондуктан, апамдын аркасынан жумуш кылып жүрүп үйрөнүп алгам. Менден кийинки сиңдим Гүлзат экөөбүзгө жумуш дайындаса экөөбүз талашып, атаандашып жасачубуз. 3 күн сен кыласың, 3 күн мен кылам деп бөлүшүп алчубуз.

Жолдошум Самарбек менен таанышып, эртеси эле баш кошуп калганбыз. Өзүмдүн атамдын бир тууган иниси шекердик кызга үйлөнгөн болчу. Самарбек Бактыкан жеңемдин бир тууган иниси экен. Ал мени иниси менен тааныштырса, бир көрүп эле жактырып калыптыр. Ошентип 2004-жылдын 21-февралында Шекер айылына келин болуп келгем. Шекердин салты катуу экен. Бала-кыз деп тергемей бар. Кайын инилерим менден улуу. Келин болуп келгенде кайын энемди апа деп айта албай тартынгам. Үйгө бирөө келсе эле улуу-кичүү дебей жүгүнө берчүмүн. Кийинчерээк баарын таанып калдым.

Бир жолу кайын агам үйгө кирип келе жатканда жүгүнсөм, ал дагы мага жүгүнүп, «кечиресиз, саламатсызбы?» деп учурашкан (күлүп).

Жаңы келин болуп келгенде Самарбек иштегени талаага көп барчу. Мен болсо жолдошумдун артынан издеп барып калчумун. Кийинчерээк велосипедге өңөрүп алып, талаага чогуу барып калдык. Кайра өңөрүп алып келчү (күлүп). 1 жылдай чоң үйдө жашап, кызым 3 жашка чыкканда жаңы курган тамга өзүнчө бөлүнүп кеттик.

Жолдошу: Мен Шекер айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү болом. «Үйдөгүлөр убакыт келди, үйлөн» деп жүрүшкөндө жубайым менен тааныштым. Мени көп кыздар менен тааныштырышкан. Бирок бири да жакпай, Бактыкан эжем жубайым Элизатты сунуштап калды. Бир көрүп жактырып, эртеси эле үйлөнүп алгам.

Жубайлар 3 уул, 2 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×