Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 11.07.2019 16:11

Ала-Букада чек арачылар 1,5 тонна кара куурайды жок кылышты

Turmush -  Ала-Бука районунун чек ара отрядынын чек арачылары 9-июлда жапайы өскөн 1500 кг кара куурайды жок кылышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Республикалык масштабда өткөрүлүп жаткан баңгизатка каршы эл аралык «Паутина» иш-чарасынын алкагында кыргыз-өзбек чек арасына жакын аймактан 4 гектар жерге өстүрүлгөн кара куурай аныкталган.

Комиссия изилдегенден кийин жалпы көлөмү 1500 кг салмактагы кара куурай чабылып, өрттөлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×