Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Талас облусуТалас району 10.07.2019 18:25

Айыл турмушу: Таластык Ж.Ырыскулбекованы айылдаштары шырдакчы эже деп таанышат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арашан айылынын 54 жаштагы тургуну Жеңишкан Ырыскулбекованы айылдаштары шырдакчы эже деп таанышат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Токтогул районунун Мазар-Суу айылында төрөлгөн.

«Илгери бардык кыз-келиндердин колунан жок эле дегенде сайма саюу келчү. Заман өзү ошого тарбиялап койчу. Азыр баары даяр, бирок колдон эмгек кылган өнөрчүлөр көп эмес. Бала кезден бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, көнүп калган жаным тынч алып отура албайм. Апам шырдак шырып, түрлөп курак кураштырган киши болчу. Мен дагы курак менен бирге кийиз иштерине аябай жакынмын. Койдун жүндөрүн өзүм боёкко салып, даярдап алам. Аны сабап, жумшартып чийге салып, алгач кийиз жасап алам. Даяр болгон кийиздерге кооз оймо оюп кесем. Аларды өңүнө чыгара бириктирип тигип, анан жөрмөп чыгам.

Айылдан мени шырдак жасайт деп баары койдун жүндөрүн мага беришет (күлүп). Азыр жашым өтүп азыраак жасап калдым. Мурун көп жасап сатчумун. Үйрөнөм дегендер келет, эринбей үйрөтөм. Бул жакшы көрүнүш. Боёкко салбай кара жана күрөң кылып нукура шырдактарды дагы жасайм. Куракка буйрутма берген кардарга кездеменин өңдөрүн айтам, ошол боюнча алып келишет. Себеби курактын көркүн кездеменин өңү ачып коёт. Бир курак төшөктү бат эле курап жасап коём. Буйрутма берген киши кездемесин алып келет. Курак төшөктөрдү 200 сомдон өйдө жасап берем. Бош убакыт таба коюп, кол өнөрчүлүгүмө отура калам.

Бир кийизди бат эле бүтөм. Буйрутмалар көп келет. «Кыздарыма берем же жаңы тамга алып барам» дешет. Азыр кыздарга сеп катары килемден көрө деп шырдак берип баштабадыбы. Шырдактар 6000 сомдон өйдө сатылат. Ал жылуу болот. Апаларыбыз шырдакты колдонгондо оору аз болорун айтышчу. Азыр шырдактын баркын кайрадан билип, пайдалана келе жатабыз. Чакан паннолорду жасайм. Паннолорго кызыккандар көп. Жасаганым бат эле сатылып кетет. Шырдакка көп басым жасагандыктан тааныштар шырдакчы эже деп аташат (күлүп)», - деди ал.

Жеңишкан айым 6 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×