Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.07.2019 18:44

Видео — Жалал-Абадда 11 жаштагы кызды жүк ташуучу унаа тепселеп кеткен учур

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасында окуучу кыз жол кырсыгынан каза болду. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Окуя бүгүн, 10-июлда болгон. Маалыматка караганда, түштө шаардагы Олимпийский көчөсүндө жүк ташуучу унаа 2008-жылы туулган А.Р.ны сүзүп кеткен жана айдоочу кызды байкабай, токтобой кетип калган.

Жол тескөөчүлөрдүн алдын ала берген маалыматына караганда, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу Олимпийский көчөсүнөн бурулуп жатканда унаанын арткы дөңгөлөгү окуучу кызга тийген. 11 жаштагы кыз окуя болгон жерде каза болгон.

Эскертүү! Сезимтал адамдарга көрүү сунушталбайт

«Айдоочу унаасын иштеген жерине токтотуп койгон. Жол тескөөчүлөр унааны алып чыгышты. Айдоочу кызды байкаган эмес. Окуя ошол көчөдөгү жеке үйлөрдүн биринин тышкы видеокамерасына түшүп калган», - деп айтылат ЖКККБнын маалыматында.

Шектүү катары кармалган айдоочу жол тейлөө мекемесинде иштейт. Жүк ташуучу унаа да жол тейлөө мекемесине таандык экени айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×