Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Баткен облусу, Баткен 10.07.2019 15:20

Баткенде жакыр үй-бүлөлөргө 26 үй курулуп жатат

Turmush -  Баткен шаарында муктаж, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө заманбап шарттары менен 4 батирлүү социалдык үйлөр курулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы 26 үй курулуп, 1 үйгө 4 үй-бүлө жайгаштырылат. Жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, эмеректер менен камсыздалат. Ошондой эле бул аймакка ФАП, дарыкана, тигүүчү цех, мечит жана спорт аянтча курулат. Бул үйлөр үчүн Баткен шаардык мэриясы тарабынан 3 га жер бөлүнүп берилген. Аталган имараттар Кувейттин фонду тарабынан каржыланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×