Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Баткен облусуБаткен району 10.07.2019 12:46

Баткенде Р4 каналынын курулушу аяктаса 1500 гектар жер өздөштүрүлөт

Turmush -  Баткен районунун Дара жана Төрт-Гүл айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы 1500 гектар дың жерди өздөштүрүү үчүн узундугу 46 км болгон Р4 каналынын курулушу кызуу жүрүүдө.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, каналдын курулушу Кытайдан кайтарымсыз грант түрүндө берилип жаткан 500 млн сомго каржыланып жатат. Бүгүнкү күнгө карата курулуш үчүн 129 млн сом каражат бөлүнгөн. Алгач мурдагы 16 км магистралдык канал бузулуп, кайра курулууда. Учурда каналдын 6 км аралыгы курулуп бүттү. Бул үчүн 70 млн сом каражат жумшалды. Андан соң 30 км ички чарбалык бөлүштүрүүчү кичи каналдар курулат. Иш 3 жылга созулуп, 80% жумушчулар жергиликтүү тургундар болот. Алар 15 миң сомдон 30 миң сомго чейин маяна алат.

Бул чоң долбоор Баткен облусунун жетекчилигинин жана Суу чарба департаментинин сунушу менен Мамлекеттик капиталдык курулуш программасына кирген. Курулуш аяктаса учурда секундасына 2,5 метр куб агып жаткан суунун сыйымдуулугу 4,5 кубга жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×