Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ош облусу, Ош 10.07.2019 11:18

ОшТУда Түштүк Кореядан келген профессор жана ыктыярчылар сабак өтүүдө

Turmush -  Ош технологиялык университетине Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы Сонгюнгван университетинин профессору Пек Ги Сын жетектеген 7 студент-ыктыярчылар келди. Бул тууралуу ОшТУдан билдиришти.

Сеулдан келген топ 2-июлдан 28-июлга чейин окуу жайдагы магистр жана бакалавр багытында билим алып жаткан студенттер үчүн информациялык технологиялар (IT), компьютердик жаңы программалар боюнча сабак өтүшөт.

Буга чейин ОшТУ менен Сонгюнгван университетинин ортосунда атайын келишимге кол коюлган. Анын негизинде окутуучулар, магистрлер жана студенттер тажрыйба алмашуу максатында кызматташып жатышат. Учурда ОшТУнун студенттери Сонгюнгван университетинде бюджеттик негизде билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×