Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Чүй облусу, Токмок 09.07.2019 13:46

Токмокто Сабантуй майрамы белгиленди

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында Сабантуй майрамы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Токмок шаардык мэриясынан билдиришти.

Иш-чарага татар-башкыр диаспорасынын Ысык-Көлдөн жана Чүйдөн келген өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Майрамдык салтанатта концерттик программа жана спорттук мелдештер уюштурулду.

Сабантуй майрамы Токмок шаарында татар-башкырлардын «Ак-Барс» маданият борборунун активисттери тарабынан 3 жылдан бери өткөрүлүп келет.

Сабантуй татарларда жай айында майрамдалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×