Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуПанфилов району 09.07.2019 12:38

Айыл турмушу: Суусамырда унаа уткан эр эңишчи К.Бузурманкуловдун чет жактагы жеңиштери

Калыбек Бузурманкулов
Калыбек Бузурманкулов

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Кумарык айылынын 25 жаштагы тургуну Калыбек Бузурманкулов 18 жашынан бери эр эңиш боюнча мелдештерге катышып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мени эр эңишке Нурлан Молдокулов аттуу байкем алып келген. Ага ыраазымын. Азыр өзүм дагы машыктыруучу болуп калдым. Жаш окуучуларыма билгенимди үйрөтүп келем. Алардын алды ийгиликтерди жарата башташты. Машыгуубуз күрөш залында өтөт. Мелдешке бир ай калганда аттарды минип, талаада машыгабыз. Бул машыгууну жай мезгилинде көп өткөрөбүз», - деди ал.

Жаш балбан эр эңиш мелдешине алгачкы жолу 2012-жылы катышкан.

«Ал кезде тойлордогу эр эңишке чыгып жүрдүм. 2013-жылы чоң спортко аралаштым десем болот. Анткени ошол жылы Кыргызстандын чемпионаты болуп, андан Азия чемпионатына жолдомо алдым. Ошентип, 2014-жылы Казакстанда өткөн чемпионатта 3-орунду алып келгем. Ошол жылдары көп ийгиликтер болду. Нооруз, 9-май майрамдарында өткөн мелдештерде алдыңкы орундарга жетиштим. 2015-жылы дагы Нооруз, 9-май, 31-августта — майрам күндөрү өткөн мелдештерден кур чыккан жокмун.

2016-жылы Кытайда Азия чемпионаты болуп, ал жактан 3-орунду алып келдим. II жана III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чемпион болдум. Таластын 70 жылдык мааракесинде өткөн абсолюттук чемпионатта 2-орунду алгам. 2017-жыл дагы жемиштүү жыл болду. Анда Эр Жанек баатырдын 200 жылдыгында Кыргызстандын чемпиону болуп, Манас оюндарында 1-орунду (70 кг салмакта), Курман айтка карата Сокулук районунда өткөн мелдеште 100 миң сом жана муздаткыч утуп алгам.

Көк бөрү оюндарына да катышып жүрөм. Ал эми жакында эле өткөн Суусамырдагы Кожомкул атабыздын 130 жылдыгында 1-орунду алып, автоунаа уттум», - деди ал.

Калыбек Бузурманкулов 1994-жылы Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Кум-Арык айылында төрөлгөн.

«Азыр бойдокмун, үйлөнө элекмин. Эки бир тууганмын, карындашым бар. Келечекке максаттарым көп. Эр эңиш өнүксө, кыргыздан мыкты балбандар чыкса дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×