Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусуӨзгөн району 06.07.2019 15:30

Өзгөндүк жаш ойлоп табуучулар айылына өздөрү жасаган жол чыракты орнотууга даярданып жатышат. Видео

Жаш ойлоп табуучулар
Жаш ойлоп табуучулар

Turmush -  Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылындагы Тагай Ташмаматов атындагы орто мектебинин 8-9-класста окуган 4 окуучусу жол чырактын макетин жасап, аны ишке киргизүүгө даярданып жатышат. Андан сырткары окуучулар желдеткич (вентилятор), чаң соргуч,карусель, боз үйдүн ичиндеги бильярд ойноочу жайдын макетин жасашкан. Жаш ойлоп табуучулар менен аймактык кабарчы маектешти.

Учурда 4 окуучу — Бекназар Тынаев, Куштар Сатыбалдиев, Изат Давлатов, Санжар Багдад уулу айылдагы төрт көчөгө жол чырак жасап, орнотобуз деп жатышат. Т.Ташмаматов мектебинин директору Нуржамал Кудайназарова окуучуларынын шыгын «Жаш физик» сынагынан кийин байкаганын айтты.

«Жыл сайын мектептер арасында өткөрүлгөн “Жаш физиктер” сынагына экскаватор жасап барышкан, бирок ал бааланбай калган. Ошондон кийин балдардын шыгын байкап, жөн калтырбаш керек деп ойлодум. Биздин мектептин демөөрчүлөрү жыл сайын окуучуларга стипендия берчү. Быйыл демөөрчүлөрдөн ушул төрт баланы информациялык технологиялар (IT), программалоо боюнча окутуп берүүнү сурангам. Мектепке аты коюлган Тагай Ташмаматовдун балдары, биздин мектептин бүтүрүүчүсү Таалай Кумбаев тамак-аш, жатаканасын каржылап, балдарды 8 күн атайын курста окутуп беришти. Башка балдар 1 айда окуй турган программаны, биздин балдарга 8 күндө окутушту. Окууну бүтүп, кайтып келе жатышканда куру кол барбайлы дешип, түнү менен жол чырактын макетин жасап келишиптир. Бирок чубалгылары тийишпей, келгенде жанбай калып, капа болушту», - деди Нуржамал Кудайназарова.

Жол чырактын макетин жасоо үчүн 20 миң сом кеткен. Ал эми чыныгы жол чыракты жасоого 4 окуучунун аталары демөөрчү болобуз дешкен.

Ошондой эле 8-класстын окуучусу Бекназар Тынаев боз үй жасап, анын ичине бильярд ойноочу столду жайгаштырган. Апасынын айтымында, уулу макетти бильярдды бир гана клубдарда эмес, жайлоодо деле ойносо болот деп жасаган.

9-класстын окуучусу Куштар Сатыбалдиев болсо желдеткич жана каруселдин макетин жасаган.

«Балдар эс алуучу жайларда каруселди акысыз ойной тургандай кылам», - деди ал.

Ал эми Изат Давлатов менен Санжар Багдад уулу кеме, экскаватор, чаң соргучтардын макетин жасашкан. Окуучулардын ата-энелери үйдөгү керексиз, бузулган буюмдар таштандыга ыргытылбай, балдары колдонорун билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×