Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-июль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 06.07.2019 13:10 На русском

«Кесибимди түшүнгөн жолдошум бар»: «Милиция келин» Альбинанын турмушка чыккандан кийинки жашоосу (сүрөт)

Албина Койгелдиева жолдошу менен
Албина Койгелдиева жолдошу менен

Turmush -  Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери — милициянын кенже лейтенанты Альбина Койгелдиева тергөөчү болууну кыялданып, ИИМдин алдындагы академияда билим алган. Ал 3 жылдан бери өзү сүйгөн кесип менен иштеп, өмүрлүк жарын милиция кызматынан тапкан. «Милиция келин» аталган Албина менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал бала кезинде эле курал кармап ойночу.

«1993-жылы Чолпон-Ата шаарында төрөлгөм. Кыздар куурчак менен ойносо, мен жыгачтан тапанча жасап, байкем менен атышып ойночумун. Ошол кезде "Секретный материал" деген тасма көрчүмүн. Анын ар бир бөлүмү криминалдык тергөө жөнүндө болчу. Кызыгып, андагы ар бир тергөө ишин көрчүмүн. Кийин 9-классты бүткөндө колледжге тапшырдым. Аны бүтүргөндөн кийин ата-энем медицина кызматкери бол деп калышты. Бирок ийне саюудан корккондуктан ал окууга барган жокмун. Милиционер болууну каалап ИИМдин алдындагы академияга тапшырып, окуп калдым», - дейт А.Койгелдиева.

Ал окууну аяктаган сон «Шумкар» атайын багыттагы полкто иштеп калган. 2017-жылы турмушка чыгып, учурда Ак-Суу РИИБдин эсепке алуу, каттоо жана статистика тобунда улук тескөөчү болуп иштеп жатат.

«Биздин жумуш татаал жана кызыктуу. Жумушка ар дайым сүйүнүп келем. Статистика бөлүмү болгондуктан бардык иштерди каттап турабыз.

Өткөн жылы отчет жазып отурсам 35-40 жаштагы бир байке ыйлап келди. Ал күн сайын аялынан токмок жеп жашап жатканын айтып, жардам берүүнү өтүндү. Агасын да ээрчитип алыптыр, арыз жазышты. Аялы кандай болду экен деп мен да кызыга баштадым. Көпчүлүк учурда аял кишилер зомбулукка кабылганын айтып арыз жазышат да. Арыздын негизинде аялын чакырдык. Ал жолдошунан кичинекей эле экен (бою). Бул окуя боюнча териштирүү иши башталганда жубайлар ортодогу балдарын эске алып, тосмо азыр жазышты. Негизи үй-бүлөдө чыр-чатак чыкканда ачууга алдырып арыз жазышат. Жиндери тарагандан кийин кайра табышат», - дейт погончон айым.

Альбина Кыдыр акенин небересине турмушка чыгып, жолдошу менен эки жылдан бери ынтымактуу жашап жатканын кошумчалады.

«Кесибимди түшүнгөн жолдошум бар. Ал да милиционер болгондуктан дайыма колдоп турат. Жумушта ар кандай болот, эрте-кеч дегенди билбейбиз. Мени жумушка жеткирип, кайра тосуп алат. Жумушума кайын журтум да көнду. Мени “милиция келин” деп аташат. Жумушта талап күчтүү болгондуктан, келиндик кызматымды өз учурунда аткара албайм. Жумуштар бүткөндөн кийин же ортолоп калганда барам», - деди Альбина.

Ал жумушундагы жетишкендиги үчүн ИИМдин жана облустук, райондук ИИБдин ардак грамоталарын алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×