Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусу, Ош 05.07.2019 20:00

Сүрөт — Ошто ак халатчандар сыйланып, жаш дарыгерлер ант берди

Turmush -  Ош шаарында медицина кызматкерлеринин күнү белгиленип, бир катар дарыгерлер сыйланышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Майрамдык иш-чарага мэр Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов жана медицина кызматкерлери катышты.

Таалайбек Сарыбашов медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, дарыгерлерди ардак грамота менен сыйлады жана 10 миң сомдук сертификат тапшырды. Ошондой эле шаардагы медициналык борборлордун кызматкерлери да сыйланып, 12 миң сомдон 34 миң сомго чейинки акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ага улай эле мэрия тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаары боюнча координатору Абдимиталип Шамшиевге дарыгерлерди колдоо максатында 100 миң сом бөлүнүп берилди.

Шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов да дарыгерлерди куттуктап, ардак грамоталарды тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайды бүткөн жаш дарыгерлер Гиппократтын антын беришти.

Ош шаардык ооруканасында жалпы 1570 медицина кызматкери эмгектенет. Ал эми шаар боюнча 2 миңден ашык дарыгер бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×