Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусуБаткен району 03.07.2019 19:49 На русском

Кыргыз-тажик чек арасында ишкер уулу менен кошо сабалды. Окуя кандай болгон? Видео

Абдыжапар Жанжигитов
Абдыжапар Жанжигитов

Turmush -  Баткен районунда газ куюучу жайдан чыккан жаңжалдан кийин Аксай айылынын тургуну Абдыжапар Жанжигитов Баткен облустук ооруканасына жеткирилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Газ куюучу жай 1964-жылы туулган А.Жанжигитовго таандык болгон.

Сыныктар бөлүмүнүн дарыгери Абдилазиз Асановдун айтымында, бейтап ооруканага саат 16:00 чамасында башынан жаракат алып түшкөн. Дарыгерлер алгачкы хирургиялык жардам көрсөтүшкөн. Анын мээси чайкалып калган. Учурда дарыгерлер тийиштүү жардам көрсөтүп жатышат.

Ал эми жабырлануучу башына таяк менен сокку жегенден кийин эс-учун жоготуп, жыгылганын билдирди. Анын айтымында, уулу дагы башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ага алгачкы жардам көрсөтүлгөн, бирок ал ооруканага жатуудан баш тарткан.

«Газ куюучу жайга унаа келип токтоду. Жолдун аркы бетине "Мерседес" үлгүсүндөгү башка унаа токтоп, анын айдоочусу бир нерсе деп кыйкырып, сигнал берип жатты. Уулум эмне болгонун билүү үчүн барган. Үндөрүн бийик чыгарып сүйлөп жатышканын уктум. Жанына барып, эмне үчүн кыйкырып жатканын сурадым. Ал унаанын арткы эшигин ачып, дубинка сыяктуу бир нерсени алып чыгып уруп жиберди. Эмне үчүн сабаганын да түшүнбөй калдым. Эсимди жоготкондон кийин уулумду дагы уруптур», - дейт А.Жанжигитов.

Жабырлануучудан өкмөттүн баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров кабар алды. Анын айтымында, аталган факт боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат.

Окуя болгон Аксай айылына А.Мадумаровдун орун басары Жылдызбек Исакулов, Чек ара кызматынын облустук башкармалыгынын жана ички иштер башкармалыгынын жетекчилери жөнөп кетишти.

Буга чейин Turmush басылмасы Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүндө кыргызстандык жаран менен тажикстандык жарандын ортосунда чыр чыкканын жазган.

Маалыматка караганда, окуя саат 14:30 чамасында аймактагы газ куюучу жайда катталган. Тажикстандын жараны өзүнүн унаасына газ куюу үчүн токтогондо, Тажикстандын дагы бир жараны унаасы менен келип, газ куюучу жайдын ээсинен тажик жарандарына газ сатпоону талап кылган.

«Кыргызстандын жараны "өзүмдүн жеке мүлкүм, кимге газ сатарымды өзүм билем" деп жооп берип, экөөнүн ортосунда кайым айтышуу чыккан. Ошол учурда Тажикстандын жараны колундагы таяк менен газ куюучу жайдын ээсин башына уруп, Исфана шаарын көздөй качып кеткен», - деп билдиришкен күбөлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×