Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Нарын облусу, Нарын 03.07.2019 14:57

Нарында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери волейбол мелдешине түшүштү

Turmush -  Нарын шаарында күч түзүмдөрүнүн арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага 6 команда катышып, өздөрүнүн спорттогу мыкты даярдыгын көрсөтүштү. Мелдештин максаты — ден соолукту чыңдоо жана кызматкерлер арасындагы кызматташтыкты бекемдөө.

Жыйынтыгында 1-орунду ОИИБдин аппараты, 2-орунду ОИИБдин атайын операциялык отряды, 3-орунду ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын командалары камсыз кылышты. Жеңүүчүлөргө кубок, грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×