Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Нарын облусуЖумгал району 03.07.2019 10:31

Кичи футбол боюнча Жумгал районунун лигасы түзүлдү

Turmush -  Жумгал районунда кичи футбол боюнча лига түзүлүп, алгачкы сезондун оюндары жүрүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жумгал лигасын түзүүнү жаш активист Байыш Сагынбеков демилгелеген. Алгачкы сезондун оюндарына 24 команда катышууда. 16 команда Жумгал районунда ишемби күндөрү оюн өткөрсө, 8 команда Бишкек шаарында жекшемби күндөрү таймашат.

Мелдештин уюштуруучуларынын бири Азат Сонобаевдин айтымында, алгачкы оюндар Бишкек шаарында 23-июндан баштап өтсө, Чаек айылында 29-июнда башталган.

«Мелдеш 24-августка чейин уланат. Бул мезгилге чейин командалар эки аймакта тең эки топко бөлүнүп, айлампа тартибинде ойношот. Тайпалык тандоо оюндарынан кийин жарым финал жана финалдык беттештер болот. Андан соң Бишкек шаарында жана Жумгал районунда өткөн оюндардын жыйынтыгында алдыңкы төрт орунду ээлеген командалар Жумгал районунун супер кубогу үчүн таймашат. Жумгал лигасынын оюндарын жыл сайын эки жолу, жай жана кыш мезгилдеринде өткөрүү пландалып жатат», - деди Б.Сагынбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×