Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 02.07.2019 22:40

Молдакун Абдылдаевди жана анын үй-бүлөсүн издөө: 2 адамдын денеси табылды

көкөмерен суусу
көкөмерен суусу

Turmush -  30-июнда Жайыл районунда Көкөмерен суусуна түшүп кеткен унаанын жүргүнчүлөрүн издөө иштеринин жыйынтыгында 2 адамдын денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 30-июнь күнү саат 10:00 чамасында болгон. Кырсыктан мерт болгондордун туугандары унаада 3 эркек, 1 аял, 1 жаш бала болгондугун билдиришкен. Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМден жалпы 98 куткаруучу, туугандарынан 20 адам тартылган. Саат 17:20да Көкөмерен суусунун Жумгал районунун Арал айылындагы тушунан унаанын айдоочусунун жансыз денеси табылды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, саат 20:00 чамасында Арал айылынан 12 км алыстан өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Кеч киргендигине байланыштуу калган адамдарды издөө иштери саат 20:30да убактылуу токтотулду.

ӨКМдин куткаруучулары Кожомкул айылындагы штабда тигилген чатырларда түнөп калышат. Издөө иштери эртең, 3-июль күнү да улантылат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Суусамыр айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ой айылында жол-транспорт кырсыгына кабылган унаа Көкөмерен суусуна түшүп кеткендиги маалымдалган. Аталган унаадагы адамдар Ат-Башы районунан Суусамырга Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине келе жатканы айтылган.

Андан кийин Молдакун Абдылдаевдин Индира аттуу кызы «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү унаа жоголгонун, анда атасы Молдакун Абдылдаев, апасы, 1992-жылы туулган бир тууганы (эркек) жана кызы болгондугун билдирген.

«30-июнь күнү атам, апам, бир тууганым (эркек) жана кызым «Ниссан Террано» унаасы менен Суусамырды көздөй кетишкен. Акыркы жолу Жумгал районунан сүйлөшкөнбүз. Ошондон бери дайыны жок. Аларды табуу үчүн бардык адамдардан жардам сурайбыз», - деген ал.

Ал эми күбөлөр, унаа алгач жарды сүзүп, андан соң сууга кулагандыгын айтышкан.

Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүндөгү Тунук айылынын тургуну Шаршенбек Аманов: «Мен өзүм жолдо иштейм. 1 айдан бери жолду оңдоп-түздөп, майрамга даярдап жүрдүк. 30-июнь күнү Кызыл-Ой айылынан кызматтык унаа менен биздин кесиптештер келишти. Өң-алеттен кетип, ушундай жаман кырсык болду деп айтып калышты.

Биз тарапта айланма жол бар. Анын аймагында суу шар аккан жана кууш жери бар. Ошол жолдон Кожомкулга чейин 27 чакырым аралык. Кесиптештерибиз ушул жерде бара жатканда алардын унаасын бир автоунаа ашып өтүп, чайпалып барып жарды сүзүптүр. Андан соң тумшугу менен сууга кирип кетиптир.


арал

Шар суу унааны агызганда эле ичинен 3 киши чыккан экен. Бир кызыл футболкачан жигит жанталашып чыгайын дептир. Бирок шар сууга туруштук бере албай, агып кетиптир. Андан кийин унаадан чыккан кишилер, унаа дагы 3-4 жолу көрүнүп, ошол бойдон көрүнбөй калыптыр. Ага удаа суунун үстүнө азык-түлүк жана башка буюмдар чыга баштаган экен.

Биз милиция кызматкерлерине, куткаруучуларга билдирдик. Суу азыр кирип турган учуру. Ал жерден унааны жай айдаш керек. Мурун бул жерден 2-3 жолу кырсык катталган», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×