Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусуЛейлек району 03.07.2019 09:17

«Көчөгө чыкпайсың»: Кызганычтан улам көк ала болгончо сабалган келин сотто жаш күйөөсүн актатты

Turmush -  Лейлек районунда аялын «көчөгө чыкпайсың» деп сабаган 21 жаштагы жигиттин иши райондук сотто каралды.

Айыпталуучу ким?

21 жаштагы Нурбек (аты өзгөртүлдү, Б.Н.) Исфана шаарындагы айылдын тургуну. Орто билимдүү, үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы.

Эмнеге айыпталган?

Нурбек 2019-жылдын 3-апрелинде саат 10:30 чамасында аялы Мадинаны (аты өзгөртүлдү, А.М.А.) кызганып, «сен көчөгө чыкпайсың» дегенде ортолорунда пикир келишпестик чыккан. Чатак учурунда аялын бетке уруп, түрткүлөп, тепкилеп жаракат келтирген.

Аялы эмне дейт?

Сот отурумунда жабырлануучу Мадина тосмо арыз менен кайрылып, күйөөсү экөө өз ара жарашып алганын айтып, ишти өндүрүштөн кыскартууну суранды. Сотто прокурор, айыпталуучунун жактоочусу жана Нурбек өзү да ишти өндүрүштөн кыскартууну суранышкан.

Соттун чечими:

КРнын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 75-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук) менен айыпталган Нурбектин иши Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин (иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар) негизинде жоопкерчилигинен бошотулуу менен өндүрүштөн кыскартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×